www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков 124 саат тыным албай “Манас” эпосун айтып Гиннесс Рекорддор китебине катталды. Бул тууралуу маалымат УТРКнын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Манасчы Рысбай Исаковго сертификат Түркия мамлекетинин Бурса шаарында ыйгарылды.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Түркиянын Бурса шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына "Манас" эпосунун жумалыгы өттү. Анда манасчы Рыспай Исаков 124 саат тыным албай Манас айтты. Эки күн мурун социалдык тармакка анын Манас айтып жаткан видеосу тарап, коомчулукта ар-түрдүү кептерге жем таштап, Рыспай Исаковдун дарегине сын-пикирлер жааган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости