www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мадумаровдун туралуу такталган фактыларды келтирип койсом, Kalik Kildanov аттуу ФБдагы достордун бири "Ырысбекке окшогондор толуп жатпайбы кыянаттык кылган алкаш жөнүндө сөздөрдөн алыстатып, Мадумаровго асылгандар", - деп жааган экен.
Атамбаевдин мезгилинде өкмөт аралык уюмду, Атамбаевдин сунушу менен иштеп жүргөн Мадумаровго деле кеп жок. Бирок: ,
- "Алмазбек Атамбаевдин «кан ичкич» Шама деген ылакап ат менен белгилүү болгон бабасы Шамуратты, анын жасоолдору менен бирге Байтик баатырдын жигиттери өлтүрүшкөндүгүнө тарыхта далилдер бар. Шама Арашан айылына качкан жана Баткенден көчүп келгендигин айткан. Көп өтпөй ошол жактан үйлөнгөн, анын эки уулу төрөлгөн: Асанбай менен Атамбай. Андан ары баарыбыз билгендей, - Атамбайдын Шаршен төрөлгөн, ал эми Шаршенден Алмазбек менен Калийбек.
Алмазбектин жападан жалгыз бир тууганы Самаркандда жашап, СПТУда мугалим болуп иштеген. Ал Өзбекстандын жараны болуп саналган. Самарканд облусунун жашоочусу катары өзбек паспортуна ээ болгон жана Кыргызстандын жараны паспортун, ошону менен бирге, президент үкөсүнөн кыймылсыз мүлк жана Ысык-Көлдүн жээгинен коттедж алган. Бул тууралуу кыргыз тилдүү ЖМКда көп жазылды жана ал тургай Алмазбек Шаршеновичтин бир тууганынын паспортторунун көчүрмөлөрүнөн бери чыгып, кыргыздарды өмүрүнүн акырына чейин тоготпогондугу тууралуу да имиштер айтылган.
А.Ш.Атамбаев өзү деле Самаркандда карачечекей бир тууганы жашап, иштегендигин жашырган эмес. Кыргыз Алмазбек менен бир тууган агасы өзбек Калийбекти кудай алсын. Анын үстүнө Калийбек Кыргыз Республикасынын паспорту боюнча – кыргыз, Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорту боюнча улуту - өзбек болгон жана күрдөөлдүү өмүрүн Калийбек Самаркандда жашап өткөргөн. Ал эми иниси Алмазбек «көп тамырлуу жана көп тектүү», тагыраагы:
Казанда ал - татар,
Москвада - Алексей.
Баткенде ал - түштүктөн,
Кытайда – хуйвамбэй.
Бул менин 2016-жылы чыккан "Кыргызстандын президенттери" аттуу кетебимен үзүндү. Был жагдайларды эске алганда:
- Ал кезде Мадумаров кимдин колдоосу менен жана кайсы кызматтка иштеп жүргөн? ... Айтмакчы, бул, жөн эле суроо...
Рысбек Өмүрзаков, журналист
Булак: NazarNews.kg