www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты таксистти ур-токмокко албаганын айтты. Бул тууралуу Момбеков окуя Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, башка айдоочу жол эрежесин бузуп, авариялык абал жараткан. Момбеков унаасын өзү башкарып бара жаткан. Ал унаасынан чыккан эмес. Жол эрежесин бузган айдоочу анын жанына барганда чыр чыккан. Андан соң кайгуул кызматкерлери келишкен.

Депутат аны менен урушкан айдоочу милицияга арыз жазганын билбегенин белгиледи.

«Ал жол эрежесин бузган, аны «Коопсуз шаардын» камералары аркылуу көрсө болот. Эч кандай сабоо болгон эмес, мен унаамдан чыккан эмесмин», - деди Момбеков.

Эске салсак, буга чейин депутат Рыскелди Момбеков таксистти сабоого шектелип жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости