www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократия болбогондо президенттер мөөнөтүнөн мурда качып кетпейт эле. Мындай пикирди бүгүн, 4-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкулов билдирди.

"Биз Конституциябызда дагы Декларациябызда дагы “Көз карандысыз эгемендүү демократиялык өлкөбүз” деп жазып койгонбуз. Кыргызстан биринчи эле бутуна туруп келе жатканда Легендарлуу парламенттин залкар эмгеги Кыргызстанды демократияга жеткизди. 2005, 2010, 2020-жылдагы окуялар муну так көрсөттү. Эгерде бизде демократия болбогондо эл коркпой, үркпөй өзүнүн ой пикирин ачык айтып аянтка чыкпайт болчу. Президенттер качпайт болчу, мөөнөтүнөн мурда кетпейт эле. Бийликтегилер аргасыздан эл менен эсептешүүгө барбайт болчу. Мына биздин демократиялык жетишкендигибиз ушул.

Ортодо бизге демократиянын кереги жок дегендер да чыгып жатпайбы?! Мен Советтер Союзунда иштеп жеке бийликтин кандай болоорун жакшы билем. Ал убакта бийликтин баары бир гана Коммуннисттик партиянын колунда болчу. Экинчиси эң жогорку кишилер эмне десе ошондой болуп турчу. Ошонун кесепетинен дүйнөдөгү өнүккөн эң чоң эки державанын бири болгон Советтер Союзу урап калды. Биз мына ушундан сабак алып, тыянак чыгарышыбыз керек", - деди Медеткан Шеримкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости