www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бар экен да жок экен, илгери өткөн заманда бир саан уй жашаптыр. Ал уйдун уйдай сыны жок, арык, сөөктөрү каркайып көрүнгөн, жүндөрү жыдып жүдөгөн, мүйүзү тең ортосунан сынып бөлүнгөн, желини шалбырап жерге тийип, тамтыгы жок тилинип, жарылып сөгүлгөн, куйругу чунайып үзүлгөн, көздөрү бозоруп сүзүлгөн... Айтор байкуш уйдун ахыбалы оор экен. Жүргөн жайыты чакан гана. Кошуна уйлар топ тобу менен жүрүшсө, бул байкуш жалгыз оттоп жүрөт. Кошуна уйлар бул байкушту теңине алышпайт. Өздөрүнүн жайыттары аз келгенсип бул жалгыздын жайытына көз артышып, улам-улам, кезек- кезеги менен кирип турушат. Бул менин жайытым дегенине карабай кирип жатып алышат. Же бул байкуш уйдун өз жайытын коргогонго алы жетпейт. Анткени берки коңшу уйлар абдан чоң, эттүү, сүттүү жана да күчтүү эле. Байкуш уй ичинен сыздап өз кожоюнуна наалат айтып жатты. Менин да балдарымды сатпаганыңда мен дагы күтүрөп көп болмокмун. Мени да жакшылап бакканда тигилердей болуп сындуу да, эттүү да, сүттүү жана күчтүү болмокмун. Өз жеримди тигилерге тепсетпей коргомокмун-деп арман кылат.
Күндөрдүн биринде байкуш уй ыргалып басып суу ичкени дайранын жээгине келет. Дайранын чекесиндеги жай аккан жеринен суу ичип жатып суудан өзүн көрүп токтоп калат. Өзүнүн кебетесин көрүп, көзүнөн жаш токтобой агып баштайт. Ичинен арман кылат, эгер адамча сүйлөнүмдө, арманымды укчу бирөө болсо бугумду чыгарып айтмакмын деп. Бир кезде жанында аппак кийимчен, аппак сакалы жайкалган, колунда аппак таягы бар адам пайда болот. Жанагы адам уйдун жанына келип, бешенесинен сылап:
- Кудайдын кудурети менен тилге кирчи,-дейт экен. Ошондо уй адамчасынан үнүн катуу чыгарып ыйлап баштайт экен.
- Ыйла ботом, ыйла. Ыйлай турган жөнүң бар экен, - деп аксакал уйга боору ачыды. Уй бир топ убакыт ыйлап сооронду да, адамча тилге кирди.
- Сиз ким болосуз ата?,- деп сурады.
- Мен силердин пириңер Зеңги бабаңар боломун, сенин ахыбалыңды угуп, дартыңа дабаа боло алат бекенмин деп келдим - деп жооп берет. Анда уй:
- Менин дартым көп. Арманым аттын башындай ата. Мен сизге башынан баштап айтып берейин. Мен азыркы кожоюнда жашаганыма жыйырма жети жылдан өттү. Бирок бир жакшы күн көрбөдүм. Менин кожоюнум он беш бир тууган болушкан. 12 уул, 3 кыз. Булардын атасы Ысссыр деген өтө бай, жери көп бай адам болгон. Ал Ысссыр деген бай менин ишимди, чарбамды башкарсын деп Гарбач деген чачы жок кишини дайындайт. Гарбач Ысссыр байдын чарбасын башкача кылып кайра курам деп баштайт. Анан ошентип Ысссыр байдын балдарынын ыркы кете баштайт. Балдары Гарбачты тоготпой башташат. Атасына келишип, биз өзүбүзчө болобуз, бизге байлыгыңызды бөлүп бериңиз деп келишет. Ар баласы бөлүнөбүз дешип ар жерде баш аламандык уюштура башташат. Мындай тагдырга туруштук бере албаган Ысссыр бай 74 жаш курагында жүрөгү кармап, дүйнөдөн өтүп кетти.
Атасы өлгөндөн кийин эле 3 кызы Авропа деген байдын келини болуп кетишти. Ал үч эже-сиңдинин эч ким менен иши жок, ханга салам беришпейт. Бай жашашат.
Калган он эки уулу өз жерлерине кошуп, бирден саан уй бөлүп алышып, өздөрүнчө түтүн булатып кетишет. Булардын ичинен эң байы, жери да чоңу Орусбай. Мындан баары коркот. Себеби анын чарбасын башкарган адам өтө кыйын адам. Көптөн бери башкарат. Алар жалгыз уйун көбөйтүп салды. Канча балаң бар деп сурасам, канча экенин билбейм, небере-чебере көрүп калгам дейт.
Андан кийин Үкрөйүн деген уулу эмдигиче жакшы болбоду. Үкрөйүндүн балдары чоң атасынан калган байлыкты түгөтүп бүтүштү. Алар жалгыз уйун көбөйтмөк тургай жакында өлтүрүп алышты. Үкрөйүндүн балдары бөлүнүп кетишти. Башкармалыкка начар адамдар келип атышат окшойт.
Ак орус уулу Батька деген адамды башкарма койгон. Эмдигиче башкарат. Уйларын көбөйтүп алышкан. Бай жашашат.
Молдавын деген баласы начар болуп калды. Буларда да башкарма начар. Уйу мага окшоп арык.
Арман, Азербай, Гүрзүн деген балдарынын дагы башкармалары жакшы чыкпады деп атышат. Мен ал жактагы бир туугандарым менен сүйлөшүп турам. Бирок мага семиз. Эми жакшы башкармалары келе баштаптыр.
Казакбай дегени жакшы жашап жатат. 27жылдан бери бир башкарма башкарып келет. Уйлары көбөйгөн. Семиз. Жайыттары аябай чоң. Ошентсе да болбой эле мен жакка айдап кире беришет. Биздин башкарма эч нерсе дей албайт. Казакбай күндөн күнгө жашарып, сулуу болуп, түрлөп кийинишет. А менин кожоюнум Кыргызбай эмес эле Кыргызкул болуп калды го каран күн. Бай бир тууган деле колунда жогурагын басып алсам, бөлүп алсам дейт тура. Басмырлай берет тура.
Өзбекжандын да бүгүн бири эки болуп, байлыгы артып баратат. Анткени күчтүү адамдарды башкарма дайындап келди. Азыр экинчи башкарма башкарып келет. Мунусу биринчисинен да күчтүү экен. Уйлары да көп. Мени алдап жайытыма кирип алышат да жатып алышат. Чыккыла десем, бир тууганымдын балдары мени тааныбай, кайра мени сүзөбүз деп коркутушат. Анан өзүм чыгып кетем. Не кылам, алым жетпесе. Же башкарманын алы жетпесе....
Точикзода дегени да бир башкарма койгон, эмдигиче башкарат. Точикзода байбачча болуп келатат. Бул байдын уйлары да сүттүү. Булар да мен жакка эле өтө беришет. Мени жаман жадатышты.
Туркменмурат дегени ал өзүнчө эле дүйнө. Бирок бай. Уйлары семиз. Экинчи башкарма башкарат. Малканаларынан бери мармар ташы менен салынган дейт. Ал бизден алысыраак жерде жашайт.
Эми өзүмдөн айтсам. Мени Кыргызбай деген бөлүп кеткен. Менин атымды Мекен деп деп койгон. Баары жакшы болот деген. Анда менин кожоюнум белдүү эле болчу. Сулуу, таза кийинген киши эле. Алты баласы бар эле. Кийин жетинчиси пайда болду. Менин кожоюнумдун башкармалары жакшы болбоду. Беш башкарма алмашты. Бул Кыргызбайдын балдары менин жылда тууган торпогумду сатышат. Көбөйтөлү дешпеди. Башкарма бирөө, башкарган адам ызылдап көп. Булардын сөздөн башка өндүрүшү жок. Жалганчы, алдамчы, жегич. Ушул уйду жем-чөп берип багабыз деп мени көрсөтүп ар кимден акча алышат. Анан килосун баландан алдым дешип азыраак жем-чөп алышат. Аны да менин оозума жеткенче канчоосу сатышат. Анан ошончо акчанын баарын мага короду деп жалган дөкмүнт толтурушат. Жылда ушул көрүнүш. Менин балдарыма тийбесе биз көбөйөт белек? Көбөйүп алып чекесинен сүт берсек баарына жетет эле го. Сүтүбүздү сатса деле байышат эле го. Ар кимден карыз ала беришип Кыргызбайды Кыргызкул кылышты. Убагында супсулуу, бетинде бырышы жок, татынакай, кооз жүргөн менин кожоюнумду бети башын тырыш баскан, кийими тытылган куник бир адамга айлантып коюшту. Өздөрү мени бакпай туруп, менден чакалаган сүттүү талап кылышат. Сен мал болбойсуң, сенин келечегиң жок деп мени урушат, тепкилешет, мүйүзүмдү сындырышты, куйругумду кесишти. Сүт чыкпаса да желинимди ар ким келип тарткылай беришип жара кылып бүтүштү. 27--жылдан бери мени бир башкарма келип бешенемден сылап,жонумдан кашып сен менин Мекенимсиң, сени көздүн карегиндей коргоймун, сага кошуп жайытыңды да коргоймун, мен сени сүйөм Мекеним деп айтпады. Мени ушул ахыбалга алып келишти. Кыргызбайдын балдары чекеден көррүпса деген жугуштуу ооруу менен оорушат. Мунун дарысын эч ким таппай жатат. Келген башкарма мен көррүпсадан айыктырам деп келет. Анан эле өзү дагы ошол оору менен ооруп калып жатышат. Кошуналардан уялып бүттүм. Мени дегеле тоготушпайт.
Айрыкча дагы бир кошуналар бар. Алар аябагандай көп. Бойлору кичинекей, көздөрү жымшык. Биздин башкармалар коркушат. Ал жайытыңды бер десе эч аянбай бере беришет. Мен корком булардан.
Менин кожоюнумдун жеринде күчтүү башкарма тууй турган аял калбай калганбы же ошол күчтүү башкарма чыкчуу урук калбай калганбы? Тезирээк эле күчтүү, кошуна байлардын башкармалары менен бетме бет сүйлөшө турган, мени көбөйтүп, семиртип, мени жана менин жайытымды, намысымды коргоп, нысаптуу, ыймандуу, мени жана менин жайытымды сулуу жана кооз кылчуу эр азамат туулса экен деп күнү түнү тилеймин. Мына ушундай Зеңги баба, - деп сөзүн аяктады.
Сөздөрүн дыккатык менен угуп отурган Зеңги баба көпкө чейин башын чайкап турду да, мындай деди:
- Ушунча жыл чыдап келипсиң. Бул элде Манас деген баатыр болгон, Адил хан (Аттила) деген хан болгон. Буюрса мына ушундай баатырлар келет. Сени да, сенин жайытыңды да коргоп калар эр азамат келет башкарма болуп. Ошондо жанагы көррүпса деген жугуштуу оорулар да жок болот. Сени шылдыңдап күлгөндөр өздөрү кечирим сурап келишет. Сенин жардамыңа муктаж болуп келишет. Ошондуктан жакшы күндөн үмүт үзбө! Сенин да кулпунуп чыгаар күнүң алдыда. Мен сени сүйөм Мекеним деген башкарма келерине ишенгин! Жараткан сенин тилегиңди кабыл кылсын! Оомийин- деди да көздөн кайым болду.
Ал эми байкуш уйдун жүзүнө жылмаюу, жүрөгүндө үмүт оту жана түштү. Келечегине болгон ишеним пайда болду...
А.Сагынов.
Санкт Петербург шаары, 2018-жылдын, 5-декебири
Булак: NazarNews.kg