www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-майда, Садыр Жапаров активисттер менен жумуш жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазат.

Маалым болгондой, жолугушуу тууралуу маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менен басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тастыкташты.

Бирок экөө тең жолүгушуунун темасы, катышуучулардын саны жана аты-жөндөрү тууралуу кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты. Жолугушуу жарыяланбай, аны чагылдырууга маалымат каражаттары да чакырылган эмес. Жыйынтыгында иш-чарадан бери беш сааттан ашык убакыт өтсө да, пресс-релиз жарыяланган жок.

Эрбол Султанбаев бул жөнөкөй жарандар менен болгон жумуш жолугушуусу болгонун билдирди. Президенттин басма сөз кызматы, адатта, мамлекет башчынын бардык жолугушуулары тууралуу сүрөт, видеоу жана маалымат жарыялайт. А бул жолугушуу эмне үчүн жашыруун болгону түшүнүксүз.

24.kg өз булактарына таянып, жыйынга айрым журналисттер жана блогерлер катышканын маалымдады. Анда Садыр Жапаров жакшы нерселерди көбүрөөк жазгыла деп суранганы айтылат.

Последние новости