www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик дума Россия менен Кыргызстандын Абадан коргонуучу биргелешкен аймактык системасын түзүү боюнча келишимди ратификациялады.

Документ жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия аймагындагы аба мейкиндигинде эки өлкөнүн чек арасын коргоо маселелерин жөнгө салат, ошондой эле кызматтык милдеттерди биргелешип аткарууда абадан коргонуу күчтөрүн колдонуунун тартибин бекитет.

Абадан коргонуучу биргелешкен аймактык системасынын бирдиктүү аракеттеринин координациясын Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн башкы командачысы жүргүзөт.

Буга чейин РФ өкмөтү Кыргызстан менен Россиянын аба чабуулунан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашууну президент Владимир Путиндин кароосуна койгон. Андан соң документ Мамлекеттик думага жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости