www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын Жал кичи районунда болгон кырсыктан кийин №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Масалиев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган №135 кичи автобус менен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан. Эки адам маршрутканын терезесинен ыргып кеткен видеосу тараган.

Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, кырсыктан 5 адам жабыркаган, алардын төртөө коомдук транспорттун жүргүнчүсү, бирөө жеңил унаанын айдоочусу болгон.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, Hyundai Sonata жол чырактын кызыл белгисинен өтүп бара жатып сүзүшкөн. Катуу соккудан кичи автобустун каптал терезеси сынып кеткен. Маршрутканын айдоочусу иштен бошотулуп, жагдайлар такталганга чейин унаалар убактылуу авто токтотуучу жайга киргизилди. Учурда Бишкек шаарынын Кайгуул милициясы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаардыктарды жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана этият болууга чакырат.

Ошондой эле коомдук транспорт маселелери боюнча 0502 205 202 WhatsApp номерине кайрылуу сунушталды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости