www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-январда Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тараптар кыргыз-түркмөн эки жактуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты.
«Экономикалык өз ара аракеттенүүнү, атап айтканда соода, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында кызматташууну активдештирүүгө басым жасалды.
Садыр Жапаров жана Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилесинин мындан аркы өнүгүүсү региондогу өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти», - деп айтыла расмий маалыматта.