www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Берлин шаарында  “Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, “Knauf” - Европадагы жана анын чегинен тышкаркы курулуш материалдарын жана курулуш системаларын өндүрүүчүлөрдүн алдыңкыларынын бири. Компания 90дон ашык өлкөдө бар жана бардык беш континентте 80ден ашык иштетилбеген ташты өндүрүү компанияларын жана 300дөн ашык заводду башкарат. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү болжол менен 15 миллиард еврону түзөт.

“Knauf” компаниясы КМШ өлкөлөрүндө активдүү иш алып барат. Компания Борбор Азия аймагында 2001-жылы иштей баштаган.

 Мамлекет башчысы “Knauf” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, курулуш тармагы Кыргызстандын инфраструктуралык өнүгүүсү жана экономикалык максаттарына жетүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Азыркы реалдуулукта, Кыргызстанда курулуш катуу болуп турганда, бул тармак биздин өлкөбүздө өзгөчө актуалдуу болуп саналат.
Президент Мамлекет башчысы кызматына киришкенден тартып тармактык мамлекеттик органдарга өлкөнүн экономикасына чет элдик инвестицияларды жигердүү тартуу, алардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилгенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекет каржылык жагымдуулуктун жана инвестициялык климаттын ишенимдүүлүгүнө болгон ишенимдин тең салмактуу айкалышы үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатат. Кыргызстан Германиянын “Knauf” сыяктуу ири компанияларынын өлкөгө келишине кызыкдар.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргызстанда долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз катышуучу мекендешибиз Александр Блюмхардтты канааттануу менен белгиледи. Садыр Жапаров Александр Блюмхардтын жетекчиик бай  тажрыйбасы жана жогорку профессионалдык сапаттары бардык маселелерди тезирээк чечүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Ал “Knauf” компаниясы өз ишинде колдонгон алдыңкы жабдууларды жана жаңы технологияларды баса белгилеп, экологиялык жактан таза технологиялар Кыргызстанда келечектеги ишмердүүлүгүн айлана-чөйрөгө минималдуу зыян менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берерине ишеним билдирди. 
Бул жагдайда Садыр Жапаров кыргыз тарап Ош жана Чүй облустарында гипсти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү менен курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Заводдун ачылышы жана компаниянын өндүрүшүн Кыргызстанда жайылтуу жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөгө алдыңкы технологияларды берүүгө жигердүү салым кошот.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров компаниянын кремний жана каолин кендерин иштетүүгө кызыгуусун колдоого жана зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде “Knauf” компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Уве Кнотцер Мамлекет башчысына жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, компаниянын Кыргызстандын түндүгүндө гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле жалпысынан өлкөдө компаниянын өндүрүшүн жайгаштырууга кызыкдар экендиги тууралуу айтып берди. 
Ал белгилегендей, заводдун Чүй облусунда курулушу жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү калктын бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, жалпы аймактын өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет.

Уве Кнотцер компания кымбат баалуу жабдууларды колдонуу менен айлана-чөйрөнү коргоо максатында туруктуу өнүгүү принциптерин карманарын баса белгиледи.
Сүйлөшүү учурунда ал белгилегендей, компания биринчи этапта логистикада гипстин жеткиликтүүлүгүн  эске алуу менен өлкөнүн түндүгүндө биринчи заводду курууну пландаштырууда. Келечекте Кыргызстандын түштүгүндө экинчи заводду куруу мүмкүнчүлүгү каралат.

 Жолугушуунун жыйынтыгында КР Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттик менен “Knauf” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости