www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, учурда коомчулукта Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосундагы достук мамиле сууп, салкын тартып калганы кийинки кездери көп айтылып жатат.
Ал түгүл ортолорун кара мышык аралап, тиреш жүрүп, тымызын бийлик талашуу болуп жатат дегендер да жок эмес.
Мындан улам, саясатта, бийлик сересинде достук болбойт, бир гана кызыкчылык бар дегендин чындык экенине ынанасың.
Ырасында, так бирөө болгон соң ага эки кишинин сыйышы мүмкүн эмес. Андыктан, эки достун таасир талашып жатканы тууралуу сөздөр кайсы бир деңгээлде мамлекет үчүн анчейин жакшы көрүнүш эмес.
Дегенибиз, ынтымак болгон жерде гана өнүгүп-өсүү болот. Бир ымалага келип, акылдашып, кеңешип иш кылган жерде гана өлкө алга жылат. Ыркырашып, чыркырашып таасир талашып, менден сен кыйын, сенден мен кыйын болгон абал, мамлекетти артка тартат.
Эл деле эки достун ынтымакташып, кеңешип өлкөнү биргелешип алдыга жылдырышын колдойт. Тирештин, таасир талашуунун натыйжасы экөөнө тең аброй алып келбесин түшүнүп эле турушат. Ошол себептен, эки дос мурункулардын каталарын кайталабастан, өткөндөн сабак алып, үлгү болууга, ынтымакташып мамлекетти өнүктүрүүгө аракет көрүшү зарыл.
Антпесе, караламан көпчүлүк эртең эле тескери бурулуп, ишеним артпай калышат. Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста дешет элибиз. Андыктан акыл калчап иш кылгандан өтөөрү жок. Үзөңгүдөн бут тайды дегиче, дөөлөт тоголок кармап калуу кыйын. Мээнет жалпак, бир жармашса чыкпайт.
Булак: NazarNews.kg