www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артист Максүтовду эмне деш керек? Себеби артист Максүтов 82 млн 858,5 миң сом март айында командировкага кетсе, «Артист» 29 миллион 818,3 миң сом короткон. Финансы министрлиги 2023- жылдын март айында мамлекеттик органдардын расмий иш сапарларына кеткен чыгымдарынын жалпы суммасы 82 миллион 858,5 миң сомду түзгөнүн жар салды. Командировкага бир айда эң көп каражатты министр Алтынбек Максүтов башкарган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сарптаган. Тактап айтканда, 29 миллион 818,3 миң сом короткону элге белгилүү болуп калды. Кыйраткан иши жок Максүтов саякаттап эле жүргөн окшойт... 

Экинчи орунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – 7 миллион 514,2 миң сом.

Үчүнчү орунда президенттик аппарат – 5 миллион 826,9 миң сом жумшаган. Негедир президенттин аппаратыкын ага көз каранды Финансы министрлиги азайтып койгондой. Мындай эсептеген кишилерге деле президенттик аппараттын өтө аз короткону күмөн жаратат. 

Төртүнчү орунда, Билим берүү министрлиги 4,56 млн, министр Каныбек Иманалиев чет өлкөгө саякаттаганды абдан жакшы көрөт. Ал депутат болгондо жылына «Чын чычалайт» болуп 56 жолу элдин эсебинен чет мамлекетке барган. Көбүнчө Казакстанга бара турган, анткени ал кезде депутаттардын машинасын Бажы текшерчү эмес, ушак кептерге караганда ал баңгизаттарын депутаттык кызмат машинасы менен ташычу имиш. Аскар Акаевдин доорунан бери аттан түшсө да, ээрден түшпөй келе жаткан Каныбек Иманалиев баңгазаттарын ташыса ташып койгондур. Жеңден кончко куюлган жагынан алдына эч кимди чыгарбаган өнөрдү мыкты өздөштүргөн. Мына ушул кайран эргул жакындан бери өзүн "Билим берүү министри болсо кыйратмак, укмуш болмок, оо-уу гүлдөтмөк" дедиртип жасалма пиарды дүңүлдөтүп, куру челекти катуу калдыратып министр болгон. Министр болор менентышкы иштер министрлигинен көп миллиондорду «калдырата» баштады. 
Тышкы иштер министрлиги 3,9 млн;
Айыл чарба министрлиги 3,87 млн;
Президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев араң эле  3,56 млн. Жакында эле өздүк мүлкүн декларация аркылуу  жарыя кылган Каныбек Туманбаевдин миллиондогон сом таап, бийликтегилердин арасында биринчи болуп келгени, базар кымбаттап, элдин жашоосу оорлоп, баратканын  тоготпогону белгилүү болду. Себеби анын чоң атасынан калган казнасы акалары менен бирдей эле ага да калып хансарай, кымбат баалуу машине минип, миллиондорду сапырганга мүмкүнчүлүгү жетет экен. Ошол үчүн ал элдин жашоосу күн санап оордоп баратканын сезбей Каныбек Туманбаев бардык бийликти, анын ичинен тышкы саясатты мага бериш керек деп жулунуп турат. Берсе берсин акеси Ак үйдү таштай качса Адыл Касымалиев, Эдил Байсалов сыяктуу кийинки президенттин колтугуна кире качпай, саясий аренадан дайын оту менен жоголот эмеспи. Мүмкүн аны Каныбек Туманбаев турганда кайра мурдунан  сүйрөп келер.

Каныбек Туманбаевди  Жапаров неге күчүктөй кылып ээрчитип алганын билбейм. Анын үстүнө алып келип туруп  эстеликтей катырып койгону менен жаш Каныбек Туманбаевдин жүрөгүнө «весна действует» этип атса керек. Жаңы жыл деп ырдаса томсоруп, махабат жөнүндө ырдаса мылжыйып отурду. Кызыгы «Койчунун таягынан»-дейт, Атамбаев менен Жээнбеков эки кыйышпас дос махабат ырларын жакшы көрүшкөнү менен президент болгон соң айласыздан патриоттук ырларды майрамдарда элге тартуу кылышчу. Ал эми жаңы жылда жалаң эле жалжактаган сүйүү ырлары ырдалып Каныбек Туманбаев менен шефи экөө жактырып турушту. Эмнеси болсо да кошоматчылардын ана башы, келечек президент Каныбек Туманбаевдин салтанаттуу триумфу башталды. Ал Атамбаевдин убагында мамлекетти жетектеген Икрам Илмияновдун көзгө басаар шопуру, Жээнбековдун учурунда мамлекеттик көзгө басаар атка минер, Жапаровдун убагында президенттин Иш башкармасынын жетекчиси болгон.  Эми анын Жапаровдон кийин президент болоруна шек жок
Борбордук шайлоо комиссиясы 3,39 млн; Шайлдабекова ким президент болсо да жагып келатат. Ал болсо акелери Бабанов, Сариев, Абдылдаевдерди тымызын колдоп келатат. БШК криссталдай таза болсо, Шайлдабекова түбөлүккө төрайым болсун. Шайлоонун деле аягына чыктык. 2017-жылдан бери шайлоо Шайлдабекованын урматынап бүтпөй келаткан. БШКдагылар бары эле акпы, ким билет шайлоонун айынан кекиртекке чейин тоюшту. Алсак, Эшимов сыяктуу БШКчылар былтыйта жеп алып,түрмөнү карап турушат.

Шайлдабекованы президенттердин бары мактады: Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров, бирок карапайым шайлоочуларга жакпай келет. Азыркы бийликтин өз кадрлары жогунан «Күн тийген жердин күкүктөрүн» же жеткен кошоматчылар Бакыт Төрөбаев, Нуржан Шайлдабекова, Руслан Казакбаев сыяктууларды көзүр кылып алды. Булар бийликтин башына күн түшкөндө таштай качып жаңы бийликтин бутун кучактай турган немелер.  Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага ода айтканы элдин эсинде: «Ар кандай провокацияга барган жарандар да чыгып калышы мүмкүн, андайлар жок эмес. Мисалы, бирөө бюллетень салып коём деп байкоочуларга кармалып калса, УШК төрагасы, ИИМдин өкүлү барып туруп, ачык көргөзгүлө, жашырчу эч нерсе жок», — деген. Ошол эле кезде Жапаров БШКнын төрайымынын адилеттүүлүгүнө көзү жеткенин белгилеген. Ал Шайлдабекованы дайыма мыйзам чегинде иштегенин жана өз ишинде тажрыйбасы чоң деп өпкө-жүрөгүн чапкылап, алкаган:

«Октябрь окуяларынан кийин Нуржан Кармабековна БШКнын төрайымы болчу. Айрым эл Шайлдабекова кетсин деп жазып жатышат. Ачык айтайын, мен дагы мурун барын ушул аял кылып жатат деп жаман көрчүмүн. Барын БШК эле кылып жатат дечүмүн. Октябрь окуяларынан кийин президенттик шайлоону дайындабай туруңуз деп сурандык. Тарыхтын эски барагын жаап, жаңы барагы менен келели деп сурандык. Бирок болбой эле президенттик шайлоону үч айдан кийинкиге коюп салды. Айла жок шайлоого бардык. Ошондон улам шайлоого аралашып отуруп мен түшүндүм. Демек, маселе Нуржан Кармабековнада эмес экен. Кептин баары төбөсүнөн басып отуруп алып, муну мындай кыласың, тигиндей кыласың десе көз каранды болуп айла жок жасайт экен. Кыргызда жакшы сөз бар “балык башынан сасыйт” деген. Ошондуктан, биз башындагылар сасыбасак, этеги жакшы эле болот экен. Ошондон кийин мен жаман көрсөм дагы кайра алып келип койдум. Анткени мыйзамдуулукту туу тутуп, шайлоону таза өткөрүүгө күчү да, акылы да жетет экен», — деген президент.

Экономики жана коммерция министрлиги 2,03 млн;
Эсеп палатасы 1,94 млн;
Финансы министрлиги 1,72 млн;
Жогорку сот 1,54 млн;
Бажы кызматы 1,46 млн;
Жогорку Кеңеш 1,34 млн;
Социалдык эмгек министрлиги 1,3 млн;
Жаратылыш ресурстар жана экология министрлиги 942,44 миң сом сарпташкан. 

Булар бир айда эң азы бир миллион сом, эң көбү 30 миллион сомго чейин коротушкандар. Ал эми Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Энергетика, Транспорт министрлигтери, Башкы прокуратура сыяктуу дагы бир топ мамлекеттик органдар 1 миллион сомдон төмөн акча жумшаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости