www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда кыздарга көчөдө ыдык көргөзгөндөр эми 15 күнгө камакка алынышы мүмкүн, деп жазат Podrobno.uz.

Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев мыйзамга кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс "сексуалдык ыдык" беренеси менен толукталды.

Сексуалдык асылуу – адамга карата бир жолу орой же кайталанма, ага жагымсыз жана анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо. Бул иш-аракеттер сырткы көрүнүшүн же дене түзүлүшүн, жаңсоо, тийүү, сексуалдык ыктоо менен сүрөттөлүшү мүмкүн.

Бул укук бузуу экиден бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга (600 миңден 1,5 миллион сомго чейин - болжол менен 4,6 миңден 11,5 миң сомго чейин) же беш күнгө чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.

Ошол эле укук бузуулар биринчи администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда, эсептик көрсөткүчтүн бештен жетиге чейинки өлчөмүндө айып салууга (1,5 миллиондон 2,1 миллион сомго чейин - болжол менен 11,5 миңден 16,1 миң сомго чейин) же 15 күнгө чейин администрациялык камакка алууга алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости