www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде бала бакчада иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» бала бакчасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактылары болгон.
«Бул бала бакчада иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлүп турган», — деп билдирет УКМК.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
Булак: NazarNews.kg