www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирөөлөрдүн кесепетинен көп сандаган курмандыктарга байланыштуу түрк элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош түрк элине көңүл айтып, колдоосун билдирди.

Кыргызстан, табияттын татаал кырсыгына кабылып, башына каран түн түшүп турган боордош Түркия элинин кайгысын тең бөлүшөт, деп белгиледи.

«Бүгүнкү күндө жер силкинүүдөн сандаган имараттар кыйрап, анын курмандыгына айланган миңдеген түрк боордоштору үчүн жамы кыргыз журтунун жүрөгү сыздап турат. Сиздердин кайгыңыздар – биздин да кайгыбыз!

Биздин жүрөгүбүздө түрк элинин, Түркиянын орду чоң. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыздан салт болуп келаткандай, тарыхы менен тамыры бир түрк эли үчүн, башыңыздарга кандай күн түшпөсүн, жөлөк-таяк, арка-бел болууга ар дайым даяр.

 

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жер титирөөдөн жараат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилеймин!» - деп жазды президент Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости