www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия менен Сирияда жер титирөө

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 16 миңден ашты. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 12 миң 873 адам каза болуп, 62 миң 937 адам жаракат алганы белгиленди. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, Сирияда каза болгондордун саны 3162ге жетти, курмандыктардын саны тактала элек. Жалпысынан Түркия менен Сирияда каза болгондордун жалпы саны 16 миң 35 адамды түздү.

Эске салсак, Түркиянын түштүгүндө 6-февралда миллиондон ашык адам жашаган Газиантепке жакын жерде күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон. Сирияда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө ондогон жер титирөөлөр катталган. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги гуманитардык жардам чогултулганын билдирди. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости