www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акысыз жардам көрсөтүү боюнча келишимге Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Цинь Ган кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Документке ылайык, Кыргызстанга эки өлкөнүн техникалык-экономикалык кызматташуусунун алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүнөт. Макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.

«Сөз 300 миллион юань (ред. 42,6 миллион доллар) суммасында болуп жатат. Долбоорлорду министрлер кабинети аныктайт», — деди Данияр Амангелдиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости