www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Кубанычьек Исабеков бир катар жарандык иштерди караган Ысык-Кол облустук жана Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Кубанычбек Исабеков кечээ, 18-майда AKИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында президент Садыр Жапаровдон Жети-Өгүз райондук сотундагы 1 судьяга, Ысык-Көл облустук сотундагы 5 судьяга Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде чара көрүүнү суранды. Алар КР Жарандык процессуалдык кодексинин Жана "КР сотторунун статусу жөнүндө" мыйзамдын нормаларын бузду деп эсептейт.

Буга чейин Кубанычбек Исабеков Жети-Өгүз райондук сотуна кайрылып, 2021-жылдын 24-ноябрында С.Э.Т. менен О.Б. өз ара түзгөн алып-сатуу келишимин жокко чыгарууну суранган. Бул келишим Кызыл-Суу айылынын Молочная көчөсүндөгү 26-a даректе жайгашкан 25 000 кв.м. жер тилкеге байланыштуу. Муну менен
катар «Кадастр» мамлекеттик мекемесин жерди каттоону жокко чыгарып, мыйзамдуу
ээси «К.Исабеков» ЖЧКга каттоону
милдеттендирүүнү сураган.

Жети-Өгүз райондук соту 2022-жылдын 13-октябрында жер тилкесин алып-сатуу келишимин жокко чыгаруу доосун карап, жыйынтыгында аны канааттандыруудан баш тарткан.

Ал эми Ысык-Көл облустук соту бул ишке байланыштуу апелляциялык арызды 2023-жылдын 19-январында карап, Жети-Өгүз райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кубанычбек Исабеков бул иш каралып жатканда облустук соттун жетекчилиги андан пара катары акча каражатын сураганын да белгиледи. Чындык ал тарапта экенин айткан Исабеков акча
берүүдөн  баш тартканын билдирди.

Ошондой эле сотто далилдер жок кылынганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости