www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-апрелде Президент Садыр Жапаров «Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде жаштарды элдин-жердин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырды.

«Биз мекенибизди сүйгөндө гана элибиз үчүн ак ниет кызмат кыла алабыз. Ошондуктан силерди эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам», - деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы өз сөзүндө жаштардын коомдогу ордуна токтолду.

Президенттин айтымында, жаштар - азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, анткени алар эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий мүмкүнчүлүккө ээ.

«Биз жаштарды экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубат жашоосун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары карасак да болот. Жаштар - келечек ээлери. Келечек - сиздердики. Тактап айтканда, азыркы улуу муундун жасаган ар бир жакшы иши сиздердин эртеңки жаркын келечегиңер үчүн жасаган аракеттер деп билсеңиздер болот. Ошондуктан биз жасап жаткан ар кандай ишке силер кайдыгер карабашыңар керек», - деди Жапаров.

Анын айтымында, «Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсуна катышкан 18 шаар тиешелүү мамлекеттик органдар, жарандык коомдун уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жеке сектор менен «өсүү түйүнү» катары кызматташып, өрнөк көрсөттү.

Мамлекет башчысы эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөр ар тараптуу колдоо көрсөткөнүн, анын ичинде байге фондуна 6 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости