www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн “Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын катышуучуларын сыйлоо аземинде ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоорун алдыга жылдырууга убада берди.
Анын айтуусуна караганда, пандемияда ыктыярчылар мекенчилдиктин, баатырдыктын, кайраттуулуктун жана адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүштү.
"Силер биз үчүн үлгү болдуңар. Республикада ыктыярчылык процессин мыйзамдаштыруу боюнча сунушуңарды толугу менен колдойм. Бир нече жыл мурда депутаттардын бири ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелегендиги эсимде. Ал азыр коомдук талкууда Жогорку Кеңештин сайтында турат. Бул мен долбоорду алдыга жылдырам", - деп убада берди мамлекет башчысы.
Булак: NazarNews.kg