www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ПрезидентиСадыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына (Улуу Британия) иш сапар менен барып, анын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенция тараптарынын 26-конференциясына катышып, дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президеттин маалымат катчысы билдирет.

Мындан сырткары, саммит аянтчасында кыргыз мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенция тараптарынын конференциясынын 26-сессиясы 2021-жылдын 31-октябрынан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Уюштуруучулар – Улуу Британия менен биргеликте Италия .

Тараптардын конференциясы Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын ишке ашуусуна обзор жана мониторинг жасоого, чечимдерди кабыл алууга жооптуу орган.

Ал тараптар деп аталган, Алкактык конвенцияга кошулушкан 197 өлкө жана территорияны бириктирет. Тараптардын конференциясы жыл сайын чогулат. Тараптардын 21-конференциясы 2015-жылдын декабрында Парижде (Франция) өтүп, өзүнүн натыйжасы боюнча тарыхый болуп калды. Анда биринчи эл аралык климаттык келишим жетишилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости