www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Садыр Нургожоевич, саламатсызбы! Сиз 25-мартта Кыргызстанга келүүгө кам көрүп жатыпсыз, бул так маалыматпы?

-Ооба, так маалымат. Кудай буюрса 25-март күнү Бишкекте болом. Жалпы элге кайрылуумда дагы айттым го. Сөзсүз келем буюрса.

-Учурда бийлик оппозиция мүчөлөрү менен аёсуз, адилетсиз күрөш жүргүзүп жатат. Сиздин келишиңизге “кылмыш ишин” даярдап коюшу мүмкүнбү? Учурда сизге козголгон кылмыш иши жокпу?

-Мага козголгон эч кандай кылмыш иши жок. Бирок, мага келген маалыматтар боюнча, Саруулук балдарды кыйнашып, айрымдарын сатып алышып, 2013-жылы Каптагаевди барымтага алган митингдин артында Садыр Жапаров болчу дегизип, мурдагы "даталар" менен көрсөтмө жазгызып жатышат дешти. Биринчиден, мен эч кандай митингдин артында турган эмесмин. Алар митингке чыккан күндөрдөн алда канча мурда эле инимди алып, чет өлкөгө кеткем. Прокуратуранын уруксат кагазы да турат колумда. Ал убакта мен Кыргызстанда жок элем. Экинчиден, мен митинг уюштурган болсом, жеке өзүм башында турмакмын. Элдин канын соруп, казынаны тоноп, элди түндүк-түштүккө бөлүп, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн кен-байлыктрыбызды, жерлерибизди, өз ата-энесин сатып жиберүүгө даяр болгон чиновниктердин сазайын окутуп, кустуруп койгула деген команданы ачык эле бермекмин. Үчүнчүдөн, бийликтин даярдап жаткан "Саруу гейттерине" эч ким ишенбейт. Буга чейин канча гейттерди жасаганга аракет кылышканын баарыңар көрдүңөр го. 2013-жылы "Юпи гейт" жасап көрүштү, болбоду, өздөрү уят болушту. Кечээ жакында Ата-Мекенчилерге "Белиз гейт" кылышты эле анысы да ишке ашпады. Дагы бир маалымат боюнча "именно" менин районум Түптөн анан Саруудан аялдарды, жаш балдарды даярдап жатышыптыр. Садыр Жапаров келсе тытмалатабыз дешип. Бийлик мындайды жакшы уюштурат эмеспи. 2011-жылы сот системасын реформа жасабасын деп, мени көздөй тапичке, бөтөлкө ыргыттырышкан. Бул жолу мен ойлойм, мээсинен айныган, манкурт болуп калгандар эле мага каршы чыкпаса, соо адам чыкпайт болуш керек. Себеби, мамлекеттин казынасынан бир тыйын уурдабасам, жер сатпасам, кен сатпасам, тескерисинче элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, жаштарыбыз тентип кетпей өз өлкөбүздө иштешсе экен деп, башымды канжыгага байлап коюп, Кыргыз мафиясы менен эле эмес, дүйнөлүк мафия менен күрөшүп жүрсөм, анан кандай кыргыз тытмалайт эч ишене албайм.

-Президенттикке талапкерлигиңизди кою дымагыңыз бар, шайлоого даярданасызбы? Мурда соттолдуңуз эле, ал кыскартылып, толук акталгансызбы, башкача айтканда шайлоого катышууга укук ала аласызбы?

-Кудай буюрса шайлоого сөзсүз катышам. Ооба, 2013-жылы мени соттолду кылышкан. Бирок ал макамды сөзсүз алып салышы керек. Мен кылмыш жасаган эмесмин. Мисалы: Ташиев менен Мамытовдун соттолгон деген макамын бир барак чечим менен алышып, экөө тең Жогорку Кенешке депутаттыка катышышты. Талант Мамытов азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурат. Мага караганда Ташиевге коюлган беренелер көбүрөөк жана оор болчу. Ал да акталды. Мен муну Ташиев менен Мамытовко атаандашып айтып жаткан жерим жок. Мыйзам баардык жарандар үчүн бирдей иштеш керек деген ойду айткым келди. Ошондуктан, мени президенттик шайлоого катыштырбайлы деп жасап жаткан "Саруу гейт" же башка "гейт" пландары болсо, бийлик жаңылышат.

-Мелис Мрзакматов менен биригип, чогуу иш алып барышууда деген кептердин канчалык чындыгы бар?

-Негизи Мелис менен дайыма кабарлашып турабыз. Эч кимге жашыруун эмес. Мен үч жылдан бери Мелиске бир эмес, беш жолу, биригели, биргелешип иш алып баралы, Түндүк-Түштүк деген ооруну туп тамырынан кыркалы, элдин ынтымагын бекемдейли, Кыргызстанды саздан сууруп чыгып кетели деген сунушумду айтып келем. Ал болсо терең ойлоноюн, жети өлчөп бир кесейин деген жообун берип келе жатат.

-Кыргызстандагы саясий топтор менен биригип, президенттик ат салышта чогуу болуу ниетиңиз барбы?

-Аны убакыт көрсөтөт. Эгер өз кызыкчылыгынан элдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгын жогору койгон талапкерди көрсөм, сөзсүз биригүүгө даярмын. Ал үчүн алардын программаларын, келечекке болгон пландарын, мамлекетти башкаруу системасын заманбап өзгөртүү боюнча көз караштарын, Курултай системасын киргизуу, чыныгы элдик көзөмөл орнотуу боюнча макулбу жана башка пикирлерин билүүм керек.

-Эгерде, Кыргызстанга кайтып келсеңиз бийлик кайра шылтоо таап, кылмыш козгоп камакка ала турган болсо кандай кадамга барасыз?

-Эгер бийлик андай күч колдонуу кадамдарга бара турган болсо, мени колдогон баардык мекендештериме кайрылуу жасаймын. Бул бийлик менен шайлоого чейин эле эсептешиш керек болот. Эгер билик күч колдонуп, преемник коюп кетүү максатын көздөп, оппоненттеринен арылуу максатында камоо жолдоруна бара турган болсо, анда кийинки он беш, жыйырма жылда мамлекетибиз жок болуп кетет. Ошол үчүн биз мамлекетибизди сактап калышыбыз керек. Мен муну эмне үчүн айтып жатам. Себеби, азыркы бийликтин алты жылдан берки жасаган кадамдарынан улам, бүгүнкү бийлик, Кыргызстан деген мамлекетти жок кылалы деген максатта келгендей туюлат. Мындай ойго барууга көптөгөн мисалдарды келтирсек болот. Эми анын баарын санап олтуруштун кажети жок, баарын өзүңөр көрүп турбайсыңарбы. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоштун ордуна, жеке чөнтөк кызыкчылыктары үчүн, кайдагы бир сырттан келген уурулардын кызыкчылыгын коргоп, тың чыккан эр-азаматтарыбыздын баарын камап жатпайбы.

-Россиядагы мигранттар арасында кадыр-барк күтүп, алардын колдоосуна ээ болупсуз, сиз менен 500 мигрант чогуу келет экен деген маалыматтар тарады?

-Мени менен чогуу келебиз деген тарапташтарым көп эле. Кудайга шүгүр. Бирок, 500 бү, 50 бү аны айта албайт экем. Мейли канчасы келсе да, ыраазычылык гана билдиремин.

-Саясаттагы эски досторуңуз менен азыр мамилеңиз кандай, учурда эски таарынчтарды унутуп мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биригүү максаттарыңыз барбы?

-Эски досторум менен мамилем мурдакыдай эле бойдон калган. Бирок саясатта кайрадан биригүү боюнча, жети өлчөп, бир кесишибиз керек. Көп нерселер башыбыздан өттү. Жон терибиз менен сездик. Кимдин ким экенин жакшы билдик. Ошол үчүн мындан аркы ар бир кадамыбызды жети өлчөп, бир кесип турушубуз керек. Жаңылганга акыбыз жок.

Булак: "Искра.кж"

Последние новости