www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер сатуу - алдамчылардын, шылуундардын алектенген иши болуп келген. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда, президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отурумунда билдирди.

Садыр Жапаров жерди трансформациялоо маселесинде да бир топ көйгөйлөр бар экиндигине токтолду.

«Мындай жагымсыз көрүнүштөрдү болтурбоо максатында «Жерди трансформациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койгом.

Ошондуктан, жерлерди инвентаризациялоо маселесин жана жерлердин бардык категорияларынын акыркы реестрин аныктап-тактап, бүткөрүү зарыл. Жерлерди трансформациялоодо мурунку кетирилген каталарга жол бербей, буга чейинки трансформациялоонун сабактарын эске алуу абзел.

Өзгөчө, Бишкектин айланасындагы жерлерди трансформациялоо боюнча көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылууда. Аткарган кызматына карабай, коррупцияга тиешеси болгон бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек», - деп баса белгиледи Жапаров.

Белгилей кетсек, Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отурумуна кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышууда.

Жыйындын алкагында өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости