www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч адамдын өмүрүн алды. COVID-19 боюнча жаңы статистика

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 103 адамдан коронавирус табылып, 97 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 47;

Чүй облусу – 35;

Ош облусу – 1;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 2;

Ысык-Көл облусу – 7;

Жалал-Абад облусу – 6;

Баткен облусу – 2.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 528ге жетти. Анын ичинен 177 006 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алган. Аны кошкондо өлкөдө жалпы 2 710 адам коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 531, ал эми амбулатордук шартта 752 адам дарыланып жатканы айтылды.

Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 11 322 адам өттү, анын ичинен 5 207си биринчи дозаны, 6 115 адам экинчи дозаны алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны — 1 043 888ге жетти (экинчи доза 823 787 адам). 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости