www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын кызматтан кетип жаткан канцлери Ангела Меркел кечээ, 15-ноябрда Александр Лукашенко менен телефондон сүйлөшкөнүн Reuters агенттиги жазды. Саясатчылар Беларус-Польша чек арасындагы миграциялык кризисти жана качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаганы кабарланды.

Бул Меркел менен Лукашенконун Беларуста 2020-жылдын августунда өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийинки алгачкы сүйлөшүүлөрү.

Беларус-Польша чек арасындагы абалды Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Орусиянын президенти Владимир Путин да телефондон талкуулады. Алар кризисти жөнгө салуу зарыл экенин белгилеп, бирок аны чечүү боюнча бир пикирге келе алган жок.

Соңку бир нече айдан бери Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан агылган мигранттар Беларус аркылуу Еврошаркеттин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литванын аймагына өтүүгө аракеттенүүдө.

Евробиримдиктин лидерлери расмий Минскини “гибриддик согуш” тактикасы үчүн айыптап жатат. Польша чек арадагы кризиске Москванын да тиешеси бар деп эсептейт. Владимир Путин айыптоолорду четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости