www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек!», — деп билдирди бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы ишкерликти коргоо боюнча кошумча чараларды караштырууга багытталган эки Жарлыкка кол коюлган.

«Анын негизинде укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык.

Ал тургай Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жойдук.

Анткени, мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеши керек. Ата мекендик болобу же чет өлкөлүк болобу, инвесторлордун ар бир кайрылуусу, же жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдаттык менен изилденүүгө тийиш.

Рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек», — деди ал.

Ошол эле учурда, президент Садыр Жапаров белгилегендей, бизнес коомчулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш. «Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек, — деди ал.

Мамлекет башчысы, бизнестин катышуучуларынын ортосундагы экономикалык талаш-тартыш маселелери мыйзам чегинде сотто чечилиши кажет.

«Экономикалык маселелер боюнча кабыл алынган сот актыларынын сапатын жогорулатуу үчүн бул ишке бизнес-ассоциацияларын тартуу менен бирге сот системасынын потенциалын жогорулатуу зарыл», — деди президент Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости