www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Павел Хрипунов президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка 28-октябрда кол коюлган.
Хрипунов президенттин алдындагы санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин мүчөсү. Буга чейин президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болчу.
Хрипунов Павел Владимирович мурдагы россиялык чиновник. Интернеттеги маалыматка таянсак, 1977-жылы 13-октябрда Кыргыз ССРнын Ош облусунун Айдаркен айылында туулган. 2001-жылы Москва мамлекеттик курулуш университетин өнөр жай жана жарандык укук адистиги боюнча аяктаган.
Маалымат технологиялары тармагында 1997-жылдан бери иштейт. 2000-жылдары «Бирдиктүү энергетика системасынын Федералдык тармактык компаниясында» документ алмашуу электрондук системасын ишке киргизүү жана жайылтуу менен алектенген.
2010-2014-жылдары «Инвест Информ Проект» компаниясын жетектеген. Кийинчерээк бул компаниянын аталышы «Интер РАО ИТ» болуп өзгөргөн жана «Интер РАО» энергетикалык холдингин маалыматташтыруу менен алектенген.
2017-жылы Орусиянын пенсиялык фондунун Автоматташтырылган маалымат системасынын инфраструктурасын башкаруу департаментинин жетекчиси болуп дайындалган. Орусиянын пенсиялык фондунан 2018-жылы кеткен.
2019-жылы Орусиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникация министрлигине караштуу Маалыматташтырууну координациялоо жана экспертиза борборунун директорунун кеңешчиси болуп иштеген.
Булак: NazarNews.kg