www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Шайлоодон кийин утулган тарап ызы чуу кылса, мамлекет төрткө бөлүнөт”, - деди бүгүн, 16-ноябрда NazarNews маалымат агенттигине активист Урмат Акунов.
--Урмат мырза, бир жумадан кийин шайлоо аяктайт, жыйынтыгы кандай болот?
--Жыйынтыгы мурдагы шайлоодогудай жакшы болот деп эч ким айта албайт. Биринчиден, шайлоонун убакыты өтө кеч болду. Экинчиден, дагы деле ички жана сырткы саясат бири-бирине төп келген жок. Акчалуулар дагы деле бийликке умтулганы өкүндүрөт.
Азыр ким бийликте болбосун же талапкерлердин бири дагы экономиканы кантип көтөрөбүз деген пландары жок. Тышкы саясат же кошуна мамлекеттер менен алака түзүп жана өзүнүн опол тоодой орду бар бир дагы саясий партия күрөшкө чыккан жок.
Өкүндүргөнү эгемендүүлүк алганыбызга 30 жылдан ашса дагы ар бир келген бийликте жаңы төрөлгөн баладай эле бирден партия түзгөнү саясаттагы абал туруксуздук экени билинди. Кыскасы, ар кайсы партиядан башы чыгып келе жаткан улуу-кичүүбү талапкерлердин көбү саясый сойку экендиги ачык байкалды.
--Кечээ президент Садыр Жапаров көмүр маселесин көтөрдү, бүгүн көмүрдүн баасы менен кызыгып көргөн жоксузбу?
--Азыр көмүрбү же энергетика болобу, шайлоодон кийин кырдаал өтө оор болот. Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү жакшылыкка алып келбейт. Буга чейин “бечел экономика” десе, азыр “экономика кычкылтекке муктаж”, ошондуктан, саясат көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн.
Мындай кырдаалда президент эгер мамлекетти сактап калам десе, саясый чечкиндүүлүккө барышы керек. Президент Жапаров экс-президенттердин кеңешин угуп койсо да ашыкча болбойт.
Ошондой эле буга чейин мамлекетти колдоого алып келген Райымбек Матраимов, Нариман Түлеев сыяктуу инсандар менен кеңешип өлкөнү сактап калууга барышы керек. Азыр бийликтин тирешүү маалы эмес, эл бага турган маалы.
--Шайлоодон кийинки кырдаал кандай болот?
--Шайлоодон кийин ар бир кыргыздын канында бар, утулган талапкерлер уткан талапкерлерди караламай, бийликтин беделине көө жабуу болсо, ошондой эле айрым саясатчы сөрөйлөр, сырткы күчтөрдүн акчасына таянып Кыргызстандын келечегин адаттагыдай “эксперимент” кылганга даяр.
Бийлик утулган тарапты каттуу көзөмөлдөп, мамлекеттин бүтүндүгү өлкөнүнүн келечеги үчүн тартипти орнотушу зарыл! Ушул нерсени саясатчылар дагы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туура түшүнүп утулганын эсепке албаса мамлекет оор абалда турат, өлкөнү жок кылууну көздөгөн сырткы күчтөрдүн аракти ишке толугу менен ашат. Эл дагы ынтымакка келиши керек!
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген. Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.
Булак: NazarNews.kg