www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга каршы күрөшкөн кызматкерлер мэриянын жоопкерчиликтүү кызматтагы кызматкерлери менен келишип алып, борбордогу жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылышкан. Бул маалыматты башкы прокурор Курманкул Зулушев Президентке караштуу Антикоррупциялык кеңештин биринчи отурумунда айтты.
Анын айтымында, бул факт боюнча соттун чечими чыккан.
Аскер прокуратурасы мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Бишкек шаарындагы райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. жана борбор калаанын мурдагы вице-мэри А.А. кармалганы жарыяланган. Алар Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланууга берүүгө айыпталууда.
Тергөөнүн маалыматына караганда, аталган адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.
Айрым маалыматка караганда, сөз Азиз Алымкулов тууралуу болуп жатат. Ал вице-мэр кызматында 2019-жылдын февраль айынан 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген.
Булак: NazarNews.kg