www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, күн тартибинде турган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын эли эзелтен бери ийиндеш жашап, өнүгүп-өсүп келгенин, эки элдин ынак коңшулук жана өз ара сый мамилелери бүгүнкү күндө дагы ар тараптуу кызматташуунун бекем пайдубалы катары кызмат кылып жатканын баса белгиледи.

Ал Өзбекстан менен парламенттер аралык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, пандемияга байланыштуу жылдырылган иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны жакынкы мезгилде боло тургандыгына үмүт артты.

Ошондой эле Садыр Жапаров эки өлкөнүн соода-экономика жаатындагы зор потенциалы толук ачылбай жатканына токтолуп, мындан улам кыргыз тараптын эки мамлекеттин рынокторунда товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул процесске мыйзам алкагында жагымдуу шарттарды түзүүгө Өзбекстан парламенти өз салымын кошооруна ишенерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости