www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жумуртка кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областында Г.Б.Б. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Mersedes-Benz 312” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57 миң 750 даана тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 548 миң 625 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости