www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Темиртау шаарындагы Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ-2) ширетүү иштери жүрүп жаткан маалда жарылуу болуп, эки жумушчу жаракат алды.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы «боёк куюлган челектер от алып кеткендиктен», жумушчулар термикалык күйүк алышканын билдирди. 51 жаштагы жабырлануучулардын бири 95% денесинен күйүк алып, Темиртау шаарындагы борбордук ооруканага жеткирилди. 25% денесинен күйүк алган 50 жаштагы экинчи жабырлануучу Караганды шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Аталган жылуулук борборуна ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы бул факты боюнча тергөө иштери башталганын кабарлады.

Жергиликтүү бийлик ЖЭБ-2деги кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлө турганын билдирди.

Темиртау шаарындагы ЖЭБ-2де быйыл февралдын аягында да кырсык болгон. Анда дароо бир нече буу казаны жарактан чыгып, шаар тургундарынын көбү суукта эки күн жылуулуксуз калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости