www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна Казакстан менен Орусия каршы. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 12-мартта кабарлады.  

--“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна Казакстан менен Орусия каршы. Анткени жол курулса, товарлардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан аркылуу кетет. Темир жолду курууга Орусия менен Казакстандын макулдугу жок. Алар оюн түз айтпай, ар кандай саясаттар менен Кыргызстандын жолун тороп жатат. Бирок бул долбоордун ишке ашуусун күтүп отурбай, темир жол транспортун өнүктүрүү зарыл. Анткени Кыргызстан жүктөрдүн 98 пайызын унаа жолу аркылуу ташыйт жана бул багытта Казакстанга көз каранды.

Шабданалиев мындан сырткары, дүң базарлардын келечеги жок экенин, анткени логистикалык борборлор ачылып жатат. Учурда “Дордой” логистикалык борбордун функциясын аткарып жатат. Мындан сырткары электрондук соодага өтүп жатышат”, - дейт төрага.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости