www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

«Сот адилеттигине кызмат өтөөнүн ардактуу, ары оңой эмес миссиясы судьялардан жана сот кызматкерлеринен жогорку билим деңгээлин, тажрыйбаны жана өзгөчө жеке сапаттарды: ар-намысты, кадыр-баркты, ишке дили менен берилгендикти талап кылат. Сот бийлигинин аброю анын ар бир тепкичинин так иштеши, ар бир кызматкердин өз милдеттерин так аткарышы менен түздөн-түз байланыштуу.

Коомчулукта азыркы сот тутумуна карата көптөгөн терс пикирлер айтылып жатканына карабастан, биздин судьялар корпусунда кесипкөй, чынчыл, ак ниет, абийирдүү жана кайраттуу адамдар чогулгандыгы жана ошондой эле ал адамдардын адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту жайылтуу боюнча журт алдындагы ыйык парзын мындан ары дагы ар-намыс менен аткарууга ниеттери күч экендиги тууралуу менде толук ишенич бар.

Андыктан урматтуу судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери, бардыгыңыздарды бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөгүмөн куттуктайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чын ден-соолук, аманчылык каалайм.

Алла-Таалам ар дайым баардыгыңыздарга ыйман, кут-береке жана бакубат жашоо насип этсин!».

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости