www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаары Россиянын мамлекеттик корпорациялары менен санариптик жана коммуникациялык технологиялар тармагында кызматташат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Ростех" мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Андрей Осокин жана "Рособоронэкспорт" ишканасынын маркетингдик ишмердүүлүк боюнча жетектөөчү эксперти Сергей Рыжов менен жолукканда айтылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча сөздөр айтылды.

"Санариптик жана коммуникациялык технологиялар жаатында "Коопсуз шаар" долбоорун куруу, ошондой эле шаардык транспорттук системаны экологиялык жактан зыянсыз, көп жүргүнчүлөрдү батыра алган автобустарды сатып алуу жолу менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Кудайбергенов шаар бийлиги тыгыз кызматташууга ниеттенген тараптарга эшигин кенен ачаарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости