www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 4-мартта күндүз Түркиянын түштүк-чыгышында аскер учагы кулады. Анын кесепетинен 10 жоокер жана генерал-лейтенант каза болду. Бул тууралуу «Хабертүрк» («Нaberturk») басылмасы жазды.

Тик учак Бингөл шаарынан учуп чыгып, Битлис провинциясынын Татван шаарында кырсыкка учураган.

Маалым болгондой учкучтар менен болгон байланыш тик учак учуп кеткенден 30 мүнөт өткөндөн кийин жоголгон. Издөө иштери башталып, анын жыйынтыгында тик учак кырсыктаганы аныкталган. Жеринде 9 адам каза болуп, 4 адам жаракат алганы белгилүү болгон. Кийинчерээк каза болгондордун саны 11 адамга көбөйгөн.

Өз кезегинде Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган мерт кеткендердин жакындарына көңүл айтты.

Кырсыктын чоо-жайын аныктоо үчүн иликтөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости