www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Түркмөнстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Иш сапарынын алкагында өлкө башчы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлайт.

"Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мерчемделген. Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Түркмөнстандын туңгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана "Turkmenbashynin Ruhy Metjidi" мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;

- транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

- энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости