www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдон эмнеге чочулап жатышат?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 2026-жылдан кийин гана абактан чыгышы ыктымал экен. Муну Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Мындай билдирүүнү ЖАМК жактоочунун “Жапаров эркиндикке чыгышы мүмкүн”- деген билдирүүсүнө жооп кылып маалымдады.

Маалыматта Жапаров оор кылмыш боюнча айыпталгандыктан мунапыска да, мөөнөтүнөн мурда бошотууга да илинбей тургандыгы айтылган. Ачыгын айтканда, Садыр Жапаровдун абалы көпчүлүктү таң калтырууда. Ага Кылмыш кодексинин 227-беренеси (“Барымтага алуу”) менен айып тагылган. Бирок, “барымтага алынды” делген Эмилбек Каптагаев аны жокко чыгарып, Жапаровдун күнөөсү жоктугун, ага эч кандай доосу жоктугун бир канча ирет айткан.

Бирок ага карабай С.Жапаровго ырайым болчудай түр байкалбайт. Коомчулук өкүлдөрүнүн ырайым берүү боюнча кол топтоосу да жыйынтык берген жок. Суроо туулат, Садыр Жапаровдун иши саясий түскө айланып кеттиби? Эмнеге бийлик ага ырайым бергиси келбей атат? Же Жапаров “Кумтөр” маселесин кайрадан көтөрүп, шайлоо алдында мунун кереги жок болуп жатабы? Айтор, бул иште кандайдыр саясаттын “жыты” сезиле баштады…

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости