www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен Садыр Жапаровду абактан бошотууну талап кылып, эмоцияга ушунчалык алдырып оозумду тиккенге чейин бардым», - деди бүгүн, 23-мартта NazarNews маалымат агенттигине Жаныбек уулу Саламат аттуу жаран.

Ал учурда азык-түлүктүн кымбатташына кайдгер мамиле жасалып жатканын айтыып Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Төмөндө Жаныбек уулу Саламаттын кайрылуусу:

«Урматтуу президент Жапаров Садыр Нургожоевич!

Сиз карапайым элдин, мекенибиздин жаркын келечеги үчүн күрөшүп, саясаттын курмандыгына айланып ак жеринизден абакта камалып жатканынызда жеке мен кайдыгер караган эмесмин. Сизди колдоп эмоцияга алдырып оозумду тигип алып, сизге боштондук берилсин деп пикетке чыккам.

Эми азыр сиз президент болдуңуз. Күн сайын ар андай тамактартан даап татып жатанда жумушсуздуктун, кымбатчылыктын айынан бирде ачка, бирде ток өмүр сүрүп жаткан карапайым эл эмне болуп жатат болду экен деп ойлоносузбу?

Акыретте Аллахтын алдында мен үй-бүлөм менен ачка отурганда каякта элеңиз деп суроо узатсак эмне деп жооп бересиз?

Биз карапайым эл дагы канча убакыт «выживать» этип жашашыбыз керек?»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости