www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 2-апрелде Кыргызстандын тарыхында дагы бир кооптуу кара тактар менен маалымат жазылып калды. Бүгүнкү кырдаал Кыргызстандыктарды бир топ ойго салып, көпчүлүк Садыр Жапаровду өзүнө-өзү кол салды дегенине ишенип ишенбей турган убагы. Бирок учурда камакта жатып, кырсыкка учурап, кан тамырын кести деген Садыр Жапаровдун бир тууган карындашы Гүлбара Жапарова бүгүнкү окуяны төмөнкүчө билдирди.

-Бүгүн, эртең менен саат 05:00 чамасында №1 СИЗОдо менин агам Садыр Жапаровго кол салуу болгон. Колундагы венасын жана мойнундагы күрөө тамырды кесишкен. УКМКга кармабай неге №1 СИЗОго алып барышты деп жаттык эле. Көрсө, ушуну кылышмак турбайбы? Азыр №47 колонияда врачтардын көзөмөлүндө. Тилекке каршы биз тараптан байкемдин жубайын эч кимди кезиктирбей жатышат, - деген пикирин билдирди.

Мойнундагы күрөө тамыры, колундагы венасы кесилиптир деген Садыр Жапаровду абалы боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы дагы унчукпай койгон жок. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Николай Никсдорф өзүнүн оюн жергиликтүү ММКларга  

-2-апрелде саат 5:00дө Садыр Жапаров кармалып турган №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, саат жетиде №47 колониядагы санитардык бөлүккө алып келишкен. Жараттары тигилип, өзүнчө палатага жайгаштырылды. Дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык, кан басымы калыбында дешти». Ошондой эле адвокаттары менен акыйкатчынын жана атайын прокуратуранын өкүлү кирип жолугуп чыкканын маалымдаган.

Андан сырткары Николай Никсдорф Жапаров аларга кан тамырын өзү кесип алганын, №1 СИЗОнун жана №47 калониянын кызматкерлерине жана камерада чогуу отургандарга доосу жок экенин, камакта отурган туугандарын бошотууну гана сураныптыр.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейзбуктагы баракчасына «Ушул убакытта Садыр Жапаровдун жубайы Айгул анын адвокаты экөө №47 колониянын алдында турушат. Айгүлдүн айтуусунда Жапаровду оор абалда №1 СИЗОдон № 47 колонияга алып келишиптир. Себебин билбейт. Аялын жана адвокатты киргизишпей жатышат»-деп жазып чыккан.

Бирок, Садыр Жапаровдун жакындары Садыр анча-мынчасына бербеген өжөр экенин, ал мындай окуяга өзү барбасын айтып, окуяны көз карандысыз иликтөө болушун талап кылышууда. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова:

-Садыр тууралуу эртең менен угуп алып эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Мен анын өзүнө кол салуусуна эч качан ишенбеймин. Ал 5 маал намаз окуган, сабырдуу эле инсан. Өзү кирип келе жаткан кишини бийлик мынчалык мыкаачылык менен мамиле кылбашы керек. Садыр Жапаров кыргыз элине душман эмес. Ал кыргыз элине күйгөн инсан. Садыр өзүнүн мойнун кесе турган адам эмес. Бул маалымат туура эмес. Ал кыргыз эли үчүн баардык нерсеге даяр. Садыр Нургожоевич менен сыймыктанам. Менин жүрөгүмдү оорутуп турганы 20 жаштагы балам камакта жатат, аны такыр көргөзгөн жок. Анын абалы кандай экенин эч бир жан билбейт. Бул нерсе менен бийликтин максаты кандай эмне экенин түшүнбөй турам, - деди.

Бүгүнкү окуяга тарапташ болуп келген Жеңишбек Жумалиев:

-Мындай нерселерди, Атамбаев, жаңы президент болгондо башташ керек болчу. Учурда президент туура эмес кылып жатат. Атамбаев, Акаевден дагы Бакиевден дагы чоң катачылыкты кетирип жатат. Бул бийлик атайын Садыр Жапаровду бандиттердин колуна салып берди. Анткени Садыр азыркы бийликке саясый конкурент, - дейт.

Андан сырткары Садыр Жапаровдун тарапташтары бийликке, учурда абалы оор экендигине байланыштуу Садыр Жапаровду үй камагына чыгарып берүүнү суранып, бийликтин өкүлдөрүнө Кайрылуу жазышты.

Эске сала кетсек,оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келе жаткан жеринен камакка алынган. Ага себеп  2013-жылы 7-октябрда Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Бирок мындай билдирүүнү Эмилбек Каптагаев четке каккан.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости