www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Кең-Суу айылынын тургундары "Садыр Жапаровду коргоо комитетин" түзүштү. Аталган жыйынга 400 гө жакын жергиликтүү тургундар  жана республиканын аймагынан келген Садыр Жапаровдун тарапташтары катышты. 

Аталган жыйында мурдагы депутат Садыр Жапаровду жана анын бир тууганы уулун жана анын тарапташтарын камактан чыгарууну жана бийликтен адилеттүүлүктү талап кылууну суранышты. 

Андан сырткары, Садыр Жапаровдун өмүрүнө кооптонууну айтышып, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынуусун талап кылды. 

Баткен облусунан келген Нооманжан Аркабаев, "Бийлик, кыргыздын чыгаан уулдарына болгон саясый куугунтук кылган мамилесин токтотушу керек. Мунун арты жакшылыкка алып келбейт. Садырдын күнөөсү жок. Эмил Каптагаев, "мен Садырдын аркасынан эч кандай арыз жазган эмесмин" дебедиби? Биз Садыр үчүн баардык нерсеге даярбыз жана Садыр үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз", - деп айтты мурдагы депутат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости