www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абышканын алтын балыгындай болгон, пайдалуу-кирешелүү "МегаКом” уюлдук компаниясы сатылбай азап болду. Буга чейин 14 миллиард сомго бааланган ишкананы сатып алуучулар чыкпай койгону кызык болууда. Мындан улам жакында ал баштапкы баасы дагы 1 миллиардга арзандаганы тууралуу маалымат тарады. Маалыматтарга караганда, кийинки аукцион ушул 2017-жылдын 3-июнуна белгиленген. Ошол эле учурда кирешелүү чоң компаниянын улам арзандап бара жатканына нааразы болгон коомчулуктун өкүлдөрү бар. Аларды деле туура түшүнсө болот. Балким мунун артында чындап эле саясий кызыкчылык болушу мүмкүн.
Айтмакчы, бул сценарий ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаровдун эки жыл мурун көзү ачыктык кылып жазганындай эле бара жатат. Анда аталган уюлдук компаниянын сатыла турганы үч уктаса дагы эч кимдин түшүнө кире элек эмес беле. Балким окугандар болсо жакшы билишеттир. Ошентсе дагы Жапаровдун ошол “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебинин тиешелүү жерин кыркып берели. Аны окуп өзүңөр баам салып көргүлө.
Саясаттын ызгаарларына, бороондоруна төш тосуп туруп берүү кыйын. Саясат антка, шертке баш ийбеген нерсе экенине толук ынандым окшойт.
2011-жылы «Мегаком» боюнча иш алып бардым. Апрель окуясынан кийин дароо эле 49 пайызын мамлекетке улутташтырып алышып, 51 пайызын эски кожоюндарына (М.Бакиев) кайтырып беришкен экен. Албетте, бекер эмес. Ортодо 15 миллион доллар алышкан. Бардык фактыларды топтоп, ак жүрөк болуп “100 пайыз мамлекетке өтүш керек” деген сунуш кылып, Отунбаева менен Атамбаевке кирдим. Эки күндөн кийин Отунбаева чакырып, “Сиздин сунушуңузду кагаздары менен Каптагаевке тапшырдым. Ошол киши менен иштешиңиз” деди. Каптагаевке кирсем, “Болбойт, эски кожоюндары ээ болуш керек” - деп эле түз айтты. Кинодогудай мафиянын башында турган кожоюндарына адашып барып алып, маселе көтөрүп жаткандыгымды дароо түшүндүм. Көрсө, Отунбаева, Атамбаевдер эң жакшы билишет экен. Себеби, башында эле Убактылуу өкмөттүн декрети менен 49 пайызын мамлекетке алышып, 51 пайызын кайра берип коюшкан экен. Парламентте ызы-чуу көтөрө баштадым. Ошондон кийин эски кожоюндарына кайтарып бере алышпай калышты.
Ошентип, 2014-жылга чейин бул маселе чечилбей келип, кечээ жакында «51 пайызын дагы толук мамлекетке алдык» деген екметтун маалыматын ММК лардан окуп калдым. Мындан аркы тагдыры эмне болот? белгисиз. Балким, “Иштете албайт экенбиз. Бизде башы иштеген менеджерлер жок” дешип,« Кыргызгаз» сыяктуу бир долларга кайра эле эски кожоюндарына сатып жиберишеттир. Аны убакыт көрсөтөт.
Алтынбек Давлетов, “Ачык саясат”