www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурумга Жогорку соттун судьясы Шерали Камчыбеков төрагалык кылып жатат. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты. 

23-апрелде Жапаровдун жактоочулары сотко төрагалык кылган Лепес Темирбековго ишенбестик көрсөтүшкөн. Муну алар «өткөн процессте да ишти ушул судья карап, адилетсиз чечим чыгарган» деп түшүндүрүшкөн. Адвокаттардын бул өтүнүчү канааттандырылган.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери 23-апрелдеги соттук отурумга тушташ Жогорку соттун алдында митинг өткөрүшкөн. Алар саясатчыны абактан биротоло бошотууну талап кылышкан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген.

 

Последние новости