www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-апрелде саат 10:00до Ак үйдүн алдына Садыр Жапаровдун жакындары тынчтык митингин өткөрөт. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын төрайымы Назгүл Эшеналиева билдирди.

“Аталган тынчтык митингине ак жоолукчан энелер келишет. Биздин максат, эки айга камакка алынгандарды камактан чыгаруу жана Садыр Жапаровду үй камагына бошотуп берүүнү бийликтен суранабыз.Мамлекет Садыр Жапаровдун алты санын аман камакка алган, эми тыкыр көзөмөлгө алсын”, - деп кошумчалады Назгүл Эшеналиева.

Эске сала кетсек, 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кеткенден кийин, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.

Садыр Жапаров, 2-апрель күнү моюндун күрөө тамыры жана сол колунун кан тамырлары кесилип оор абалда ооруканага түшкөн.

Учурда абалы жакшы экендигин Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирген.

Булак: NasarNews.kg

Последние новости