www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы олигархтардын биринчиси катары таанылган Өмүрбек Бабановдун өлкөдөн пысып кеткенине бир жарым жылдан ашты. Ал бизнесин сактап калуу амалында партиянын лидерлигинен, мандаттан баш тарткан. Чамасы ал убакта жүрөгү опкоолжуп ордуна келалбай тургандыктан тойдум байдын кызына дегендей чечимге барса керек.

Бирок, мамлекеттеги абал ага оңтойлуу болуп баратканы кайра артка кылчаюуга түрткү болуп жаткандай сезим жаратууда. Колдору мурда бек кармалган достордун ортосуна шынаа кагылганы, эми алжайып кеткен  алаканы бүтөш оор экенине ынанган Бабановдун шакирттери, санаалаштары ат тезегин кургатпай Маскөөгө каттап калганы көп нерседен шек санатат.

Үч күн мурун эле желдей тараган “шыбырга” көңүл бурсак кыйла кызыкка батарыбыз турган иш. Шайлоо кызуу жүрүп жатканда байкабастыгынан капканга чабылган Канат Исаев боштондукка чыкканда өзүнүн ишин демдүү баштаганы жөн жерден болбогондур?

Жанына “серый кардиналдын” ишенимдүү жөөкөрүн ээрчитип алып Өмүрбектин баш терисин байкаганы атайын барганы албетте үлкөн маселе талкууланганынан кабар берип турат. Чоң казатка аттануунун алгачкы маршы  “оркестрде” ойнолгону өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Эгерде бийлик  тараптан “козголуу” жаралганы чын болсо Бабанов да өзүнүн тылын бекемдегенге аргументтерин даярдап туруп маселени чечүүгө аракеттенерин  акылдуу адам айттырбай билет.

Ошентсе да ойноок колдой болуп калган Исаевге кыйла ызгаар көрүп калган Өмүкең ишенич артаар бекен? Айтор, саясаттын каңылжаарды жарган “коломсосуна”  Бабанов кылдаттык менен мамиле жасаары талашсыз. Саясатта дос болбойт,кызыкчылыктар гана жашайт...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости