www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясаттан тажап, жомоктогудай чыныгы окуяларды көргүңүз келсе анда Кытайдын Түштүк тарабында жайгашкан эргежээлдер шаарчасына жол тартыңыз. Мындай кызыктуу маалыматты Massaget.kz. жазып чыкты.

Кытайдын Кунминг деп аталган шаарында жалаң гана эргежээлдер жашаган айыл бар. Аны коңшулаш шаар тургундары “Эргежээлдер жашаган падышалык” деп атын өзгөртүп алган.

Аталган эргежээлдердин узундугу 129 см жетпейт.  Учурда ал жерде 18 жаштан 48 жашка чейин 120 эргежээл жашайт. Аларга Кытай бийлиги тарабынан баардык шарттар түзүлүп оорукана, мектеп жана дүкөн курулган.

Бул жерге барган адам жомоктор дүйнөсүнө түшүп калгандай сезет. Анткени, келген конокторго эргежээлдердин кичинекей үйлөрү көрсөтүлүп, карликтер өздөрүнүн болуп көрбөгөндөй шоусун тартуулашат.

Карликтер аймагын көрүүгө акыркы күндөрү туристердин келүүсү көбөйгөн. Эгерде саясаттан тажап, жомоктогудай жашоону көргүңүз келсе, Кытайдын Кунминг шаарына аттансаңыз болот.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости