www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш туруп сакал койгондор, дамбал, узун көйнөк кийген эркектер, паранжа, хиджап жамынган кыз-келиндер көзгө кандай комсоо көрүнөт? Өзгөчө акыркы кездерде ушундай самтыраган, кыргыздын улуттук баалуулуктарына шайкеш келбеген образдардын ачылып баратканы өкүнүчтүү.

Бийлик тез арада мыйзамыбызда көрсөтүлгөн светтик жашообузга адашкандарды бурбаса, аягы тынчсызданууга алып бара жатат. Диндеги радикалдуулуктун жеткен чеги- үстү-башындагы арабдашуу кийими, алсыйган сакалдары менен үрөй учурууда, туурабы?

Алыстан мисал кылбайлы, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркменстанда заманбап, же улуттук жасалгада кийинүү сыймыкка айланган. Алар сакалчандарды кырдырат, чүмкөнүп алгандарды сыйрыйт го? Себеби, мамлекетте тартип бар. Экстремизм, терроризмге каршы айыгышкан күрөш кылышат. Тымызын козуган диний уюмдарга, радикалдык кадамдарга чек коюлган. Элдин тынчтыгы, коопсуздугу биринчи орунда. Ал эми биздечи?

Ооганстандын бийлигин талибандар алгандан бери Кыргызстанда кандайдыр бир деңгээлде исламчылардын кыймыл-аракеттери жанданып, үргүлөп жүргөн катмарлар ойгонушуп, көчөлөрдө улуттук өзгөчөлүккө жат келген көрүнүштөргө күбө болуудабыз.

Илим, билимге умтулган жаштарыбыз корко баштаганы талкууга алынууда. Башкасын айтпасак да, узун көйнөк кийген эркектер, сакалчандар сүр жаратышып, көбөйүп баратышса, эртең булардын амбияларын, диний талаптарын тизгиндей албай калсакчы?

Албетте, олуттуу суроо. Баары майдадан башталат, бийлик азыр көңүл бурбаса, диний радикализмге тыюу салбаса, эртең мамлекетибизди тарттырып жиберүү коркунучу бар. Андыктан арканды алыс ыргыталы. Эртелеп эсибизге келели!

Булак: Азия News гезити

Последние новости