www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* кыймылынын бийликке келиши менен Афганистанда террордук топтор күч алып, жарандык согуш башташы мүмкүн. Бул тууралуу серепчилердин пикирине таянып РИА Новости жазды.

"Аль-Каида", "Ислам мамлекети" сыяктуу уюмдар өз заарын АКШга төгөбү же ички согуш ачабы? Баары болушу мүмкүн. Кандай болсо дагы АКШнын Кабулдагы аэропорттон талибдердин үстөмдүгү алдында чыгып кетиши афгандык улутчул күчтөрдүн гана эмес, дүйнө жүзү боюнча радикал жихадчылардын жеңишинен кабар берет", — деди саясий серепчи Дэн Лазар.

Вашингтондогу Eurasia Center уюмунун вице-президенти Эрл Расмуссен Афганистандагы 20 жылдык согуш АКШнын "башаламан, өзгөрүлмө жана ийгиликсиз изилдөөсү" деген пикирге кошулат.

"Алгач биздин максат Усама бен Ладен менен "Аль-Каиданын" артынан түшүү экени айтылган. Бирок "Аль-Каиданы" жеңген күнү дагы ошол жерде калып, "Талибандар" менен тирешке өттүк", — деди адис.

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирген.

31-август күнү АКШнын аскерлери толугу менен Афганистандан чыгып кетти.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости