www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү жана жаңы корпустун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Ошондой эле министр Ысык-Көл райондук ЖДПБнын бөлүмдөрүн кыдырып чыгып, лабораториянын иши менен таанышты. Белгиленгендей, мекеменин лабораториялык кызматы саламаттык сактоо системасынын санариптик чечимдери менен интеграцияланган: изилдөөлөрдүн жыйынтыктары «ILab» системасы аркылуу киргизилип, автоматтык түрдө бейтаптын электрондук амбулатордук картасында көрсөтүлөт. Бул медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкчамдыгын жана сапатын жогорулатууга шарт түзөт.