www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын кесипкөй жана ар дайым эл менен тыгыз иштешкен жетекчи башкарышы керек. Эл менен байланышта болмоюнча, көйгөй эч качан чечилбейт. Бул тууралуу ардагерлер ассоциациясынын төрагасы Накен Касиев билдирди.
«Мен Саламаттыкты сактоо министрлигин биздин системаны түшүнгөн, бул системада иштеген жаш, чыгармачыл адам жетектеши керек деп ойлойм. Ал эми конкреттүү түрдө тигил же бул деп атын атай албайм. Бирок, кесипкөй, коомчулук менен да, кесиптештери менен да жакшы байланышта боло алган министр келиши керек.
Министр бул - саясий позиция, бирок ошентсе да ал кесипкөй, кандайдыр бир деңгээлде дипломат болуп, ар дайым эл менен байланышта болууга аракет кылуусу шарт.
Министр өзүнүн системасынын ар бир ооруган, таалуу жерин билиши керек. Бир эле реформаны жүз жолу ойлонуп, андан кийин гана алдыга кадам таштоосу абзел. Анткени, бул абдан оор жана сезимтал иш. Жада калса, эки институттун биригиши да чоң тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн», - деди Касиев.
Белгилей кетсек, учурда саламаттык сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жатат.
Ал эми кызматынан четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр катары жумушка чыгууга даяр экенин айтып, президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалаган.
Президенттик администрация бул маселе боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынарын маалымдаган.
Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон.
Булак: NazarNews.kg